Жаңылыктар
Кочкор районунун Бугучу айылындагы мектептин курулушу аяктоодо
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкор районунун Бугучу айылындагы мектептин курулушу аяктоодо

Нарын облусунун Кочкор районунун Бугучу айылындагы мектептин курулуш иштери 60%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2019-жылы октябрь айында башталган. Объектинин долбоордук кубаттуулугу 150 окуучулук орунга эсептелинген. Ал эми мектептин курулушунун сметалык баасы 690 миң долларды түзөт. Бүгүнкү күндө жер иштери жана кураштыруу пайдубалы, кыштары коюлуп, бетондоо иштери бүткөн. Азыр чатыры жабылууда. Мектептин курулуш иштерин жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.