Жаңылыктар
Ысык-Ата районунда өрт кырсыгы катталды. Үйдүн бастырмасы жана гаражы күйүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Ата районунда өрт кырсыгы катталды. Үйдүн бастырмасы жана гаражы күйүп кетти

Чүй облусу Ысык-Ата районунда 2020-жылдын 16-сентябрь күнү саат 17:11 чамасында Новопокровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан №382 үйүнүн бастырмасы жана гаражы күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 150 чарчы метр. 

Өрттөн жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 2 бөлүм, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 18:28де чектөөгө алынып, саат 19:41де толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.