Бишкек шаары Ленин районунда 2020-жылдын 16-сентябрь күнү саат 22:23 чамасында Жал кичи районунун Тыналиев көчөсүндө жайгашкан №3/3/4 дарегинде жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метр.
Өрттөн жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен Штаб, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2 бөлүм, Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, Ленин райодук №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, Ленин райондук №8 АӨКБдан АКП (Автошаты) унаасы, тез жардам кызматынан 1 бригада жана ИИМден 25 кызматкер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 23:52де чектөөгө алынып, саат 00:13тө толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен имараттын 400 чарчы метр курулуш буюмдары күйгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.