2020-жылдын 17-сентябрында күндүз жана 18-19-сентябрь күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы кескин төмөндөп: 18-19-сентябрларда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 14…19°, тоо этектеринде түнкүсүн 1….6°, күндүз 10…15°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.
20-21-сентябрларда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 15-сентябрь күнү №02-34/640-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборуу тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.
2020-жылдын 17-сентябрь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.