Кыргызстанда 689 миң адам пенсия алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, пенсионерлерге ай сайын төлөнүүчү каражат 4 миллиард сомго жакын сумманы түзөт.
Төраганын маегинде «Пенсионерлердин саны жыл сайын өсүп жаткандыгы жакшы жаңылык. Бирок, бир жагынан, бул пенсиялык бюджетке оорчулук келтирет, анткени акыркы 2-3 жылда пенсионерлердин максималдуу өсүшү байкалууда. Эгерде 10 жыл мурун жылдык өсүш 6-7 миң адамды түзсө, азыр 20 миң адамга жетти »,- деп белгиленет.