Жаңылыктар
Бишкектеги “Чыгыш” жылуулук магистралынын бир бөлүгү жаңыланды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги “Чыгыш” жылуулук магистралынын бир бөлүгү жаңыланды

Бишкектеги “Чыгыш” жылуулук магистралынын бир бөлүгү реконструкцияланды. Долбоорду 2022-жылы толук ишке ашруу болжонгон. “Чыгыш” магистралы борбор калаанын түштүк тарабындагы 70 миңдей батир менен отуздай социалдык объектти жылуулук жана жылуу суу менен камсыз кылат. Энергияны натыйжалуу пайдаланып, толук жеткиликтүү кылуу үчүн инфраструктураны жаңылоо чечими кабыл алынган.

“Долбоордогу жылуулук магистралы 2,7 чакырымды түзөт. Жаңылоо иши көлөмдүү жумушту талап кылууда. Жылуулук куурларын жаңылоо менен бирге кеңейип да жатат. Буга чейинки түтүктөрдүн диаметри 700 миллиметр болсо, жаңылары 900 миллиметр. Аралыктан ыкчам көзөмөлдөөчү система колдонулат. Эгер түтүк жарылса, кайсыл жерде көйгөй жаралганы тез аныкталып, дароо оңдолот”,- деди “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын башкы директорунун орун басары Ян Дагай.