Тобокелчилик тобуна кирген жарандарга сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүргүзүлүп баштайт. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги берген тизмеге, өнөкөт оорусу барлар, кош бойлуулар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, карылар үйүндөгүлөр, мектеп-интернатындагы балдар, медицина кызматкерлери жана 65 жаштан жогорку курактагылар кирген. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, сезондук гриппке каршы эмдөө үчүн вакцина өлкөгө алынып келине баштады.
Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков белгилегендей, сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы эмдөө адамдын ооруларга карата коргонуу күчүн жогорулатат жана илдеттин күчөп кетишин алдын алат. Учурда вакциналар аймактарга жеткирилүүдө. Эмдөө иштери бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт. Эмдөөнү кемчиликсиз уюштуруу боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди.