Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча сот иши уланды. Кылмыш иш боюнча Атамбаев, Ниязов, Карамушкина, Кодуранова, Жеенбеков, Мискенбаев, Жолдубаева жана башкалар айыпталууда.
Сот жыйынында жабырлануучулар, тагыраагы УКМКнын "Альфа" атайын кызматынын кызматкерлери суралды. Жумуш күнү аяктаганына байланыштуу кийинки сот отуруму 18-сентябрга белгиленди.