Даңазалуу инсандын 110 жылдыгына арналган салтанатка карата учурда даярдыктар көрүлүүдө. Жаш режиссёр Уланмырза Карыпбаев, Кыргыз улуттук драма театрынын артисттери менен Султан Раевдин калемине таандык Исхак Раззаков чыгарамасын сахналаштырууда.
Өнөр дүйнөсүндө көп жылдык тажрыйбасы бар, театр менен кинодо далай башкы ролдорду ойногон Марат Алышпаев эми даңазалуу инсандын дүйнөсүн ачып берет. Актердун көп жылдык тажрыйбасы эске алынып, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун образын жаратуу сунушталган.