Жаңылыктар
Өлкөдө керектүү дары-дармектер камдалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө керектүү дары-дармектер камдалууда

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда дары-дармектин 65 түрүнүн запасы даярдала баштады. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен коронавирусту дарылоого керектүү дары-дармектер жана медициналык каражаттардын тизмеси жаңыртылган.

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду быйыл дары-дармектин 29 түрүн сатып алууну пландаган. Учурда биринчи этап менен 85 миллион сомго дары-дармектин 27 түрүн сатып алды. Калган бөлүгү экинчи баскыч менен сентябрь айынын аягында келет.