Чүйдүн Байтик айыл аймагынын Кашка-Суу айылындагы орто мектепте кошумча окуу корпусунун курулушунун 80 пайызы бүттү. Ал эми Октябрь айыл аймагында жетим, жесирлер үчүн курулуп жаткан социалдык турак жайлардын курулушу 97%га аяктады. Жыл аягына чейин пайдаланууга берилгени турат.
Мында жалпы 38 үй жайгашты. Булардын ичинде 152 батир салынып бүттү. Ар бир үйгө жуунучу жай, ысык суу киргизилип, муздаткыч, газ жана башка керектүү тиричилик буюмдар менен камсыздалды. Эми көчөлөргө асфальт төшөлсө жашоочулар көчүп келишет.