“Көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Бишкек шаарынын 60 көчөсүнүн жолдорун оңдоо болжонуп жатат. Бул жолу шаардын четиндеги жаңы конуштардын жолдоруна көңүл бурулат.
Бишкектин жалпы узундугу 70 чакырым болгон 60 көчөсүнүн жолдорун оңдоо жана 5 көпүрөнү куруу пландалууда. Бул үчүн “Көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Кытай 2 миллиард 800 миллион сом грант бөлдү.