Жаңылыктар
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт

1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсия көбөйөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрөгасы Медер Ирсалиев билдирди. Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында Өкмөт тарабынан токтом кабыл алынган. Ага ылайык, бул жолу пенсияга орточо эсеп менен 400 сомго чейин кошулат.