Жаңылыктар
Бишкекте 60 көчө оңдолот
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 60 көчө оңдолот

Кытай грантынын алкагында шаардын 60 көчөсүн  оңдоо пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкектин курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Уланбек  Азыгалиев долбоорду башкаруу боюнча  кытай компаниясынын директору Ма Жикианг, Кыргызстандагы  China Road& Bridges Corporation корпорациясынын долбоор менеджери Чжан Синь жана техникалык менеджер Зияд Аль Сераван менен жолукту.
 

Анда кытай грантынын экинчи фазасы боюнча  “Көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорун  баштоо талкууга алынып, кытай  компаниясы жана капиталдык курулуш башкармалыгынын ортосундагы контракттык келишимге оңдоолорду киргизүү маселеси каралды.

Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы эки жылдык убактыка эсептеленүүдө.

Компания шаардын көчө-жол тармагын өнүктүрүүнүн биринчи баскычында 95 чакырым жолду, 7 көпүрөнү куруп, 23 көчөнүн жол катмарын калыбына келтирген.