Жаңылыктар
Аскер өзүн-өзү атып алган факты боюнча кызматтык иликтөө башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Аскер өзүн-өзү атып алган факты боюнча кызматтык иликтөө башталды

Ошто аскер кызматкери өзүн бутка атып алып, бул боюнча кызматтык иликтөө башталды. Кабарды Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын маалымат кызматы таратты.

Окуя 15-сентябрда №75565 аскер бөлүгүндө болгон. Анда Абадан коргонуу күчтөрүнүн лейтенанты нөөмөт кезегин тапшырып жатканда кокусунан ок чыгарып алып, оң бутунан жеңил жаракат алган. Жабырлануучуга керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөнү белгиленди. Бул факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, окуя тууралуу Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасына кабарланган.