Бишкекте кылмышка шектелип 20 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жети адам курал-жарактар менен кармалды.
Алардын үчөө Ички иштер министрлигинде уюшкан топтун мүчөсү катары каттоодо тураары белгилүү болду. Колго түшүрүлгөндөр оор жүк ташуучу унаанын айдоочуларын тоноого тиешеси бар деп да шектелүүдө. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Бул факт боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. “Бишкекке кылмыш жасоо максатында туруктуу кылмыштуу топ жашыруун түрдө келгени жөнүндө ыкчам маалымат түшкөн.
Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренесинин негизинде катталды. Учурда кылмыштуу топтун мүчөлөрү шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда жанынан табылган курал-жарак экспертизага жөнөтүлдү.