Жаңылыктар
Кант шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн борбордун ишмердүүлүгү
Кыргызстан жаңылыктары
Кант шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн борбордун ишмердүүлүгү

Кант шаарындагы Чүй облустук китепканасында 6 жылдан бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын ачылган бурчтар иштеп келет. 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ал жерден компьютердик сабаттуулукту, кол өнөрчүлүктү жана шахмат үйрөнүп гана тим болбостон, англис тилин үйрөнүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Яна Спиридонова мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арналган борбор ачылгандан бери бул жерге дайыма үй-бүлөсү менен чогу келет. Бул жерден уулу шахмат ойногонду жакшы өздөштүрсө, жолдошу компьютердик сабаттуулуктун негиздерин үйрөнүп чыкты. Ал эми Яна өзү ар кандай буюмдарды токуганды үйрөнгөн.