Октябрь айында пенсиянын өлчөмү 7 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.
Анын айтымында, пенсиянын орточо көлөмү 6 миң 61 сомду түзөт.
«Коронавируска карабастан, пенсионерлерди колдоого каражат бөлүнөт. Пенсияны көтөрүү үчүн бюджеттен 75,2 млн сом, пенсиялык фонддон 752,6 млн сом бөлүнгөн », - деди Кубатбек Боронов.