Жаңылыктар
Кара-Кечедеги жолду тазалоо бир аптага созулушу мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кечедеги жолду тазалоо бир аптага созулушу мүмкүн

Кара-Кечедеги жолду тазалоо бир жумага жакын убакытты алат. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер көчкүнүн массасынын көлөмү 2 миллион куб метрди, жабык тилкенин узундугу 500 метрди, ал эми стратегиялык маршруттун деңгээлинен бийиктиги 25 метрди түзөт.

Кара-Кече кенинин "Центральная" участкасы менен  байланышты калыбына келтирүү үчүн, Транспорт министрлиги эки экскаватор тартууну пландоодо. Ал эми "Кыргызкөмүр" ишканасы бульдозер менен камсыздайт. Кошумча шаймандарды тартуу максатында Кавак күрөң көмүр бассейнинин көмүр казуучу ишканалары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эске салсак, кечээ жер көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын талкалап, аталган тилкедеги жолду жаап калган.