Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барып келди.
Өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорундагы социалдык объектилердин курулушу, ички жолдорду реконструкциялоо, ирригациялык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп, андан тышкары кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.