Бүгүн, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү үчүн Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы менен иштөө боюнча бир катар онлайн тренингдер аяктап жатат.
Онлайн тренингдердин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-р буйругу менен бекитилген Бирдиктүү порталды колдонуу жана башкаруу маселелери, иштөө тартибинин маселелери чагылдырылды.
Кийинки жумада мамлекеттик органдардын «администраторлору» үчүн онлайн режиминде окутуу пландаштырылууда, алар мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин Бирдиктүү порталга кирүүсүн камсыз кылат.
Учурда жогоруда аталган органдарга Бирдиктүү порталга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана сервердик жабдууларды орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик органдарга Бирдиктүү порталды пайдалануу боюнча консультативдик-методикалык жардам көрсөтүү боюнча иштер улантылат.