Шашылыш билдирүү! Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан кабарда, 6-сентябрдан 8-сентябрга чейин Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болору айтылды. Ага ылайык, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Тоолуу райондордо жаан карга айланып, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
7-сентябрда жана 8-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. 8-сентябрда түнкүсүн Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2° үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.