Жаңылыктар
Бийик тоолордогу көлдөрдүн кооптуулугу канчалык экендиги изилденүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бийик тоолордогу көлдөрдүн кооптуулугу канчалык экендиги изилденүүдө

Бийик тоолордогу көлдөрдүн кооптуулугу канчалык экендиги изилденүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында 4-августтан тарта Кыргызгидрометтин жана ӨКМдин кызматкерлери биргеликте Чүй жана Ош облусундагы көлдөргө изилдөө иштерин жүргүзүүдө. 

Бүгүнкү күндө Чүй облусунун Сокулук району боюнча 4 көл, Панфилов району боюнча 3 көл жана Ош облусунун Ноокат району боюнча 5 көл изилденди. Азыркы учурда изилденгенден кийин жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдүн абалы туруктуу экени айтылды.