Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл өкмөтүнүн “Ырдык” сайынын кооптуу тилкелерин тазалап бекемдөөгө атайын техника тартылып, жээктери бекемделүудө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Бүгүнкү күндө Ырдык айыл өкмөтү тарабынан “Ырдык” сайында суу ташкындарын алдын алуу боюнча иш-чарасы жүргүзүлүп, 180 чарчы метр жери бекемделип бүткөн.
Ал эми Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Суу айылындагы “Чоң-Кызыл-Суу” суусунун кооптуу деп аныкталган тилкелериндеги сайдын нугун тазалап, жээктерин бекемдөө иштери бүгүнкү күндө 140 чарчы метр тазаланып, жумуш улантылууда.