Жаңылыктар
Кыргызстанга Россиядан 963 жаран кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга Россиядан 963 жаран кайтып келди

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясый ведомстволору ортосунда Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында жайгашкан Кыргызстандын жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча транзиттик коридорду берүү жөнүндө жетишилген сүйлөшүүлөр ишке ашты. 


6-июлда 20 автобус менен биринчи партияда 963 жаран Кыргызстанга келди. Ал эми 12 автобус менен 533 адамдан турган колоннанын экинчи партиясы кыргыз-казак чек арасына Казакстандын жол полиция кызматынын коштоосу менен келе жатат.