Жаңылыктар
Санитардык эрежелерди бузгандарга 134 миң сом айып пул салынды - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Санитардык эрежелерди бузгандарга 134 миң сом айып пул салынды - Кыргызстан жаңылыктары

"Санитардык эрежелерди бузгандарга 134 миң сом айып пул салынды", - бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында облустун район, шаарларындагы ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинен бери 2028 текшерүүлөр жүргүзүлүп, 1705 санитардык көрсөтмөлөр берилди. Санитардык талаптарды жана эрежелерди бузгандыгы үчүн 105 протокол түзүлүп, 18 токтом чыгарылып, 87 жооптуу тараптарга 134000 сомго айып пул салынды.

️"Айып пулдарды салуунун негизги максаты бюджетти толтуруу эмес, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу", -деп баса белгилеп кетти облус башчы.

Ошону менен бирге облустун бардык аймактарында массалык түрдө дезинфекциялоо иштери улантылып, бардыгы облуста 2840 объект дезинфекцияланып, жалпы 1743458 м2 жугушсуздандырылды.