Жаңылыктар
Бишкекте Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат - Кыргызстан жаңылыктары

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы жарандар митингге чыгышты. Чогулгандар «Алмазбек Атамбаев командасы менен камалсын!», "Карызды төлөсүн!", "Уурулар камалсын!" деп кыйкырып турушат.

Катышуучулардын айрымдары "Алмазбек Атамбаев бийликте турганда көп алешемдиктерге жол берилген, Кыргызстан карызга белчеден батканы үчүн жооп бериши керек" деп билдиришти. Ушул эле топ 1-июндагы сот учурунда да митинг өткөрүшкөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августтагы Кой-Таш операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Кылмыш кодексинин “Адам өлтүрүү”, "Адамдын өмүрүнө кол салуу”, “Барымтага алуу”, “Массалык баш аламандык”, "Бейбаштык”, “Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук ” өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Айып тагылган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин иши февралда сотко өтүп, Ишти Биринчи май райондук соту 3-марттан бери карап жатат.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Батукаев ишинде коррупцияга айыпталууда.