Бүгүндөн тарта Кыргызстанда ички каттамдар жанданды. Күн сайын Бишкек - Ош - Бишкек багыты боюнча бир учак учат. Бул тууралуу эл аралык «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Авиакаттамдарды «Тез жет» компаниясы ишке ашырууда. Коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу үчүн бекетке жүргүнчүлөр гана киргизилип жатат. Аларды коштоп келгендер мурдагыдай кире алышпайт. Жүргүнчүдөн тиешелүү документи жана билет талап кылынат. COVID-19 вирусу боюнча тесттин жыйынтыгы суралбайт. Жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилет. Коронавирустун белгилери болсо, аэропортко киргизилбейт. Медицина кызматкерлери көзөмөлдөп турат, — деп айтылат маалыматта.
Ал эми эл аралык каттамдар качан жанданары азырынча белгисиз.