“Өкмөттүн чечимине ылайык, 5-июндан тарта үзгүлтүксүз ички каттамдар кайрадан жандандырылат, аларды "Тез Джет" авиакомпаниясы ишке ашырат. Каттамдар алгач бир жумада төрт жолу, кийинчерээк күнүнө бир жолу ишке ашырылышы пландалууда. Бирок, авиакомпания 8-июндан баштап каттамдарын ишке киргизери күтүлүүдө”, - деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.
Ал белгилегендей, "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропорттору үзгүлтүксүз ички каттамдарды ачууга даяр.