Баткендин Чет-Булак жаңы конушуна быйыл алгачкы ирет ичүүчү таза суу жетет. Мамлекеттин каражатын үнөмдүү пайдалануунун натыйжасында аталган конушка дагы бир суу кампасы курулмай болду.
Баткендин Чет-Булак жаңы конушуна миң кубдук суу кампасы курулууда. Муну менен, айылдагы 2,5 миң кожолуктун ичүүчү таза сууга болгон муктаждыгы жоюлат. Курулуш “Баткен шаарын таза суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Суу тартуу иши сапаттуу, ошол эле маалда көп жылдык кепилдиги менен жүргүзүлүүдө. Кампадан суу сентябрда коё берилет.
Жаңы конушка суу тартуу аракети 5-6 жыл мурун жер тилкесин алып, бирок турак жай салуудан карманып турган элеттиктерди туулган айылына кайтарууда. Суунун келишинен үмүт үзүп, жер тилкелерин сатып жибергендер да болгон.
Ал арада, аталган айылга суу ар бир эки күндө сааты менен берилип турат. Абалдан чыгуу үчүн Бүсара Абдувалиева, короосундагы бир тонналык суу кампасына сууну камдап алганга көнгөн. Бүсара айым сындуу таза суунун келишин чыдамсыздык менен күтүп отурган социалдык шаарчада жүздөгөн жашоочулар бар. Шаарча былтыр чет элдик инвестордун жардамында түптөлгөн.
Таза суу бир катар маселелерди чечүүгө жардам берээри бышык. 18 миңдей жаран турак жай салуу үчүн жер тилкесине кезекте турган Баткенде таза суунун келиши менен жаңы конуштар түптөлгөнү турат.
Калктын өсүшүн эске алуу менен, социалдык муктаждыктар да унутта калган эмес. Чет-Булактагы орто мектепке быйыл, республикалык бюджеттин эсебинен кошумча окуу корпусу курулууда.
Алдыда Баткен шаарынын саркынды суу маселесин чечүү зарылчылыгы бар. Муктаждык долбоордун экинчи траншынын башкы планына кирген.
Долбоордун биринчи баскычында: 229 миң 300 еврого Таза суу ишканасы үчүн керектүү техникалар жана жабдуулар сатып алынган. Дагы 129 миң 622 еврого заманбап административдик имарат курулган. Андагы лабораториялык бөлмө ишкананын сан.эпид кызматына болгон көз карандылыгын жойгон.
Жалпы суммасы 29 млн. еврого бааланган долбоор - кыргыз өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда “Баткен шаарын таза суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” жөнүндө насыялык жана инвестициялык грант боюнча кол коюлган макулдашууга ылайык аткарылууда. Баткен шаарынын эли таза суу менен 60 пайыз камсыздалган.