Жаңылыктар
Чүй облусунун ондогон айылдарында суу куурлары жаңыланат
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунун ондогон айылдарында суу куурлары жаңыланат

Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен Чүй облусунун ондогон айылдарында суу куурлары жаңыланат. Учурда аймактын 107 айылына ичүүчү суу киргизилген. Быйыл жыл соңуна чейин дагы 56 айылды таза суу менен камсыздоо пландалып жатат.


Чүй облусунун Сокулук рйонундагы 2 айыл ушул жылдын апрель айында таза суу менен камсыз болот. Камчыбек Султанов үй-бүлөсү менен Маловодное айылында жашайт. 14 жылдан бери таза сууну ташып ичип келишкенин айтат.



Таза суу менен камсыздоо жабдыктарынын эскилиги эчак жетип, суу түтүктөрүн дат баскан. Бирок ага карабай, ошол суу тутуму пайдаланылууда.
Бүгүнкү күндө Күн-Туу айыл округуна караштуу 2 коңшу айылдарга ичүүчү таза сууну жеткирүү иштери 85 пайызга аяктады. 
Анткен менен, өлкөдө 546 айылга таза суу жете элек экендигин айтышты.