Жаңылыктар
УКМК: Рузиев Камилжан Якупович кармалды - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Рузиев Камилжан Якупович кармалды - Кыргызстан жаңылыктары

КР УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалгалоо фактысы боюнча Ысык-Көл областында «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 1963-ж.т., Рузиев Камилжан Якупович кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү (документтерди жасалмалмасы) жана 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Каракол шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. УКМК К.Рузиевден жабыркагандар болсо КР УКМК Ысык-Көл областтык башкармалыгынын 03922 51180 жана КР УКМК Нөөмөт бөлүмүнүн 0312 660475 телефондоруна кайрылсаныздар болот.