Жаңылыктар
Бир суткада өлкө боюнча коменданттык сааттын шартын бузган 93 жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бир суткада өлкө боюнча коменданттык сааттын шартын бузган 93 жаран кармалды

Бир суткада өлкө боюнча коменданттык сааттын шартын бузган 93 жаран кармалып, 8 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 74, Жалал-Абад шаары боюнча - 5, Ош шаары боюнча - 6, Кара-Суу району боюнча - 3, Ат-Башы району боюнча - 5 киши коменданттык сааттын эрежелерин бузган. Ал эми Нарын шаарында жана Сузак районунда тартип бузуулар катталган жок. 

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2798 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды. 

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.