23-апрель күнү коменданттык сааттын шартын бузган 88 жаран кармалып, 6 унаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 56, Жалал-Абад шаары боюнча – 13, Ош шаары боюнча – 5, Нарын шаары – 5, Ат-Башы району боюнча – 7, Сузак району боюнча – 1, Кара-Суу району боюнча – 1 учур бар. Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок. “Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3255 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалган. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди, - деп айтылат маалыматта. Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.