Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылындагы авиакырсыктын орун алганына быйыл 3 жыл болду. 2017-жылдын 16-январында таңга маал “Манас” эл аралык аба майданына коно албай калган жүк ташуучу учак калктуу конуштун үстүнө кулап, 39 адам набыт болгон.
Бүгүн кырсыктын кесепетинен өз жакындарын жоготкон балдар менен Президент Сооронбай Жээнбеков салттуу жолугушуусун өткөрүп, курман болгондорго багышталып куран окутулду.