Мына ошол авиакырсыктан жабыркагандарга жардам берүүчү эсепке 96 миллион 200 миң сом чогулду. Банктык эсеп жабыла элек. Элден чогулган жардам акча атайын комиссиянын чечими менен жабыркагандарга бөлүштүрүлөт.
16-январда Манас эл аралык аэропортуна конгону жатып кырсыктаган учак Дача-СУ конушуна кулап, 39 адамдын өмүрүн алып, 19 үйдү толук кыйратып, 7 турак жайды ар кайсы жерине зыян келтирген. Андан бери эки айга жакын убакыт өттү. Кырсык болгон жердеги учактын, кыйраган үйлөрдүн урандылары тазаланган. Авиакеросин төгүлгөн жердин үстү, бир көчөнү зыянсыздандыруу үчүн атайын кум төгүлгөн. Бирок ар кайсы жактан келгендер тегизделген жерди чукуп, кырсыктын орду кайрадан таштандыга айланган.
Кырсыктан уй-жайы жабыркагандарга алгачкы жардам деп озгочо кырдаалдар министрлиги чатырларын ондоого шыйпыр берген. Учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандар үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошол учурда атайын эсеп ачкан. Ал эми үй-жайынан ажыраган 13 үй-бүлө убактылуу батирлерде жашап жатышат. Батир акысы толугу менен өкмөттүн каражат эсебинен төлөнүүдө.