Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында, быйыл билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы жана калкты социалдык жактан коргоо тармактарын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди. Бүгүн комитет төрагасын Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, 2019-жылы аткарылган иштер жана 2020-жылда жасала турган санариптештирүүнүн жаңы багыттары талкууланды.
Өткөн жылдагы өлкөнү санариптештирүү аракеттери өз жемишин берди деп айтууга толук негиз бар. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана аларды электрондук форматка өткөрүү боюнча масштабдуу иштер жасалып, бардык мамлекеттик мекемелер санариптик өнүгүүнүн пайдубалын түптөштү. Негизги максат - жарандарга сапаттуу жана ыңгайлуу шарт түзүү.
Быйыл жаңы жарлыктын негизинде, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы жана калкты социалдык жактан коргоо тармактарын санариптештирүүгө артыкчылыктуу көңүл бурулат. Президент санариптик технологияны экономикага жана социалдык тармакка терең киргизүү максатында калктын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин санариптик көндүмдөрүн жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи.
Ошондой эле жер-жерлердеги муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү максатында «Санарип аймак» платформасын киргизүү боюнча иштер күчөтүлөт. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына «Түндүк» системасына кошулуу аркылуу башка мамлекеттик органдар менен маалымат алмашуусуна мүмкүндүк берет. Азыркы учурда “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борборунун адистери мамлекеттик кызматтарды түз алуу багытында жаңы порталды иштеп чыгууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууда маалымат алмашууну коргоону камсыз кылуунун маанисин өзгөчө белгилеп, кибер коопсуздукту камсыздоо жана электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө басым жасады. Жарандардын, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин санариптик сабатын жогорулатуу максатында маалыматтык-агартуу иштерине өзгөчө көңүл бурулат. “Санарип аймак” платформасын өлкөнүн бардык аймактарына киргизүү пландалып жатат, андыктан өлкөнүн санариптик трансформациясы 2020-жылы дагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп кала бермекчи.