Кыргызстан коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал учурунда иштөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, ал санарип технологияларга негизделди. Мындай ыкма айрыкча билим берүү тармагында маанилүү натыйжа көрсөткөн. Бул тууралуу бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков менен аймактардын жетекчилеринин санарип диалогу учурунда айтылды. Санарип боюнча алдын ала жасалган даярдык иштери - билим берүү менен бирге мамлекеттик кызмат көрсөтүү, социалдык жактан тейлөө тармактарында ишмердикти ийгиликтүү улантууга негиз болгон.
Президент менен аймактардын жетекчилеринин санарип диалогу онлайн өттү. Ага жети облустун губернаторлору жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышты. Талкуунун өзөгү- аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери, аны менен бирге коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар.
Кыргызстан коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал учурунда иштөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, ал негизинен санарип технологияларга негизделди. Мындай ыкма айрыкча билим берүү тармагында маанилүү натыйжа көрсөткөн. Билим берүү министри Каныбек Исаковдун айтымында, буга чейин түзүлгөн санарип инфраструктураны пандемия учурунда туура пайдаланып, аралыктан окуу ыкмасын мугалимдер, ошондой эле окуучулар да мыкты өздөштүрүштү.