Жаңылыктар
Мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо кандай жүргүзүлүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Мектеп окуучуларын ысык тамак  менен камсыздоо кандай жүргүзүлүүдө?

Жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен башталгыч класстын гана эмес, жогорку класстын окуучуларына дагы ысык тамак уюштуруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, буга чейин мектеп окуучуларына ысык тамак уюштуруу боюнча мыйзамда - чай менен таттуу токоч берүү беренеси гана каралган. Ал эми иш жүзүндө мектептердин көпчүлүгү толук кандуу ысык тамак берүүгө өтүшкөн.



Кыргызстанда башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак берүү мыйзамы 2007-жылы ишке кирген. Алгач ирет, мамлекеттен минималдык сумма бөлүнүп, ар бир балага чай менен таттуу токоч берүү каралган. Бара-бара "ысык тамактын" уюштуруучулары аз суммага толук кандуу тамак берүүгө үлгүрүшкөн. Мында бийлик менен өнөктөш тараптардын салымы зор.

Бүгүнкү күндө республика боюнча мектептердин 65 пайызы ысык тамак берүүгө өткөн. Калган мектептерде таза суунун жоктугу көйгөй жаратууда.
Жаңы мыйзамда мектептерге ысык тамак уюштурууда зарыл болгон шарттар камтылган. Эми бардык мектептер чай, токоч менен чектелбестен толук кандуу тамак уюштурушу талап. Мындан тышкары башталгыч гана эмес жогорку класстын окуучуларына ысык тамак берүүгө жол ачылат.

Республикадагы мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларынын ысык тамагы мамлекеттин эсебинен каржыланат, бир окуучуга 7ден 10 сомго чейин бөлүнөт. Бишкекте мектеп окуучунун ысык тамагы 14 сомду түзүп, аны мэрия төлөп берет.