Жаңылыктар
Жаңы мыйзамга ылайык, окуучуларга ысык тамак берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы мыйзамга ылайык, окуучуларга ысык тамак берилет

Кыргызстандын 65 пайыз мектептеринде 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга ысык тамак берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалым болгондой, республика боюнча 1 окуучунун тамагына бюджеттен күнүнө 7 сомдон 10 сомго чейин бөлүнөт. Ал эми Бишкек шана Ош шаарларындагы башталгыч класстын окуучуларынын ысык тамагы жергиликтүү мэрия тарабынан каржыланат. Эски мыйзамга ылайык, окуучуларга ысык тамакка - чай менен таттуу токоч берүү гана каралса, жаңы мыйзамда толук кандуу ысык тамак берүү мүмкүнчүлүктөрү жазылган.

"Эски мыйзамда чай менен таттуу токоч берүү гана каралган. Бирок азыркы кезде биз 7-10 сомго турдуу ысык тамак берүүгө жетиштик. Ошондуктан декабрь айында жаңы мыйзам чыкты. Айрым мектептерде ата-энелер ысык тамакка кошумча каражат каржылай алышат. Ошондой эле, донорлор жардам беришүүдө. Өлкөдөгү мектептердин 65 пайызы ысык тамак берүүгө өттү, 35 пайызы нан чай берип келет",- деп билдирди Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Мусаева.