Жаңылыктар
Коомдук жайларда тамеки тартууга толук тыюу салынышы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук жайларда тамеки тартууга толук тыюу салынышы мүмкүн

Мындан ары коомдук жайларда жана кафе-ресторандарда тамеки тартууга толук тыюу салынышы мүмкүн. Жогорку Кеңеште тамекинин бардык түрүнө каршы күрөшүү чараларын күчөтүү жана мыйзамдык актынын ченемдерин жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Жаңы долбоор 100 пайыз тамекинин түтүнү жок аймакты түзүүгө багытталган. Анда калян менен насвайга каршы чаралар да камтылган. Мындай жагдай өлүмдөрдүн деңгээлин кыйла төмөндөтүп, чылымга байланыштуу ооруларга эрте чалдыгуудан сактаарын демилгечилер белгилешет. Айрым эл өкүлдөрүнүн бул демилгеси кесиптештери арасында кайчы пикирди жаратты. 

Рахат Кыдыртоктоева, " Биринчи радио"