Кийинки жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны индексациялоого 829 млн. сом каралууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште талкууланды. Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 млрд. 796 млн. сом жана 2021-2022-жылдарга 60 млрд. 271 млн. сом жана 65 млрд. 98 млн. сом көлөмүндө түзүлдү.
2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды. Ошондой эле, келерки жылы пенсияны көтөрүүгө 829 млн. сом кароо пландалып жатканы, бул каражат аскер кызматкерлеринен сырткаркы пенсионерлерге кошулаары белгиленди.