Пенсиялык төлөм буга чейин жыл сайын 500 сомго чейин эле кошулуп келсе, быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп, сезилерлик кошулганын пенсионерлер айтышууда. Алар октябрь айынын пенсиясын жогорулатылган өлчөмдө алышууда. Ала-Бука районунда 13 миңге чукул пенсионер бар. Алардын 72 пайызы төлөмдөрүн банк аркылуу алса, калганына почта кызматы жеткирет.