Жаңылыктар
Абдыкадыр Орозбековдун быйыл 130 жылдыгы белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
 Абдыкадыр Орозбековдун быйыл 130 жылдыгы белгиленүүдө

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун быйыл 130 жылдыгы белгиленүүдө. Кыргыз элинин кылым карыткан карт тарыхында көзү өтсө да эмгеги менен элдин эсинде сакталып калган унутулгус, өзгөчө адамдар бар. 

Алардын бири көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбеков. Ал жаштайынан эле элдин көйгөйүн чечип, журтуна күйүмдүү болуп чонойгон. Адамдын баркы элге келтирген пайдасында деп, жардамга муктаж адамдардЫн көбүнө зор пайдасын тийгизген.