Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мааракени өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Ошондой эле иш-чаранын алкагында коомдук ишмердин өлкө тарыхындагы ролу тууралуу илимий конференция өтүп, Бишкек шаарында анын мемориалдык тактасы орнотулат.
Эскерте кетсек, Абдыкадыр Орозбеков Баткен облусунун Кадамжай районундагы Охна кыштагында туулган. 1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган. Кыргыз АССР Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон. 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айына чейин Кыргызстанды башкарган.