Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечим мааракени натыйжалуу уюштуруу жана өткөрүү үчүн мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жетектөө жана координациялоо максаттарында кабыл алынды.
А.Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы түзүлдү. Алардын алкагында анын өлкө тарыхындагы ролу тууралуу илимий-конференция өткөрүү, Бишкек шаарында мемориалдык такта орнотуу жана А.Орозбеков атындагы музейде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жана башка бир катар чаралар пландалууда.
Абдыкадыр Орозбеков – көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн башатында турган, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жумушчулар, дыйкандар жана солдаттар советинин Облустук аткаруу комитетинин төрагасы жана Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы жана биринчи мамлекет башчы болгон.