Бүгүн, Бишкектин Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланышы керек болчу. Мамлекеттик айыптоочу билдиргендей, сот иши боюнча эксперт дарыланып жаткандыгына байланыштуу, жараян 25-октябрга жылдырылды.
Белгилей кетсек, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов “Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушунда мектеп салууга жумшалган эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган” деп айыпталууда. Ал эми Албек Ибраимовго “Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар” деген айыптар коюлган.