Жаңылыктар
Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 5-мартта улантылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 5-мартта улантылат


Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуяларга байланыштуу сот иши боюнча алдын ала угуулар 5-март күнү улантылмай болду. Бул кылмыш иши боюнча 14 адам айыпталуучу катары өтүүдө. Бүгүнкү алдын ала угууда камакта отургандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу жактоочулар тарабынан келтирилген өтүнүчтөр четке кагылды.

Төртүнчү мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуяларга байланыштуу сот иши боюнча алдын ала угуулар улантылды. Бул кылмыш иши боюнча 14 адам айыпталуучу катары өтүүдө. Алмазбек Атамбаев менен Ирина Карамушкина бул соттук отурумга катыша албай турганы боюнча сотко өтүнүч келтирген. Жазык-процесстик кодексине ылайык алдын ала угуу тараптардын катышуусу менен жабык өтөт.
Бир апта мурда Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишти Биринчи май райондук сотуна жөнөтүп, шейшембиде сот иши башталды. Бул кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан он төрт кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 10 беренеси менен айып тагылууда. Алардын көбү оор кылмыштар. Айыпталуучулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков парламент депутаттары Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранова. Ошондой эле партиянын мүчөлөрү жана Атамбаевдин тарапташтары болуп саналган Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Карыпбек уулу Рыспек, Марат Шаманов, Капарбек уулу Нооруз жана Асангелди Какебаев.