Жаңылыктар
Кыргызстан-Казакстан: тышкы саясий мекемелердин башчылары жолугушту
Саясат
Кыргызстан-Казакстан: тышкы саясий мекемелердин башчылары жолугушту

2019-жылдын 16-октябрында Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун  Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары кыргыз-казакстан кызматташтыгынын абалын жана келечегин, ошондой эле Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын даярдоо маселелерин деталдуу талкуулашты.

Ч.Айдарбеков Казакстан менен ынак коңшулук дана достук мамилелерди сактоо өлкөнүн тышкы саясатынын башкы приоритеттеринин бири болуп саналарын баса белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жакынкы арада Бишкек шаарында компетенттүү ведомстволордун катышуусунда ТИМдер аралык консультацияларды өткөрөрүн макулдашты.