Жаңылыктар
"Кепилдик фонду" 1 миллиард 400 миллион сомго жакын каражат кепилдик берди
Кыргызстан жаңылыктары
"Кепилдик фонду" 1 миллиард 400 миллион сомго жакын каражат кепилдик берди

Учурда бизнес үчүн насыя алуунун бир канча жолдору бар. Келечектүү долбоорлор кечиктирилбей каржыланат. Бирок айрым учурларда насыя алуу үчүн мүлктү күрөөгө коюу маселеси түйшүк жаратат. Фонд дал ушул жагдайды эске алып түзүлгөн. Күрөөгө коюла турган мүлк жок же анын баасы арзан болуп жатса, "Кепилдик фондунун" каражатын пайдаланууга болот.

Өндүрүштү быйыл гана баштаган ишкана күнүнө 1 жарым миң түгөй бут кийим даярдайт. Жабдууларды сатып алууда аз эмес каражат сарпталган. Насыя алууга “Кепилдик фонду” көмөктөштү.

Эгер бизнес план так иштелип, өндүрүштү жандандырууга аракет көрүлүп, бирок насыя алууда имараттын баасы күрөөгө коюга ылайык келбесе, “Кепилдик фонду” жардам берет. Аталган каржы мекемеси түзүлгөн 2016-жылдан бери 1 миллиард 400 миллион сомго жакын каражат кепилдик катары берилген. Анын 60 пайызы аймактарда күрөөгө коюлган. 

“Кепилдик фонду” өлкөдөгү 12 банк менен кызматташат. Ишкерликке колдоо көрсөтүүдө аталган фонддун гана эмес, башка каржы мекемелеринин да каражаттары аймактарга көбүрөөк жумшалууда. Маселен, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун элеттик ишкерлерди каржылоодогу көмөгү кеңейди. 

Өнүктүрүү фонду “Кепилдик фонду” менен кызматташуунун алкагында алгачкы долбоорду ишке ашырууда. Айыл чарба багытындагы ишканага 200 миллион сомго жакын каражат насыя катары берилип жатат. Кепилдик берүүдө дал ушул агроөнөр жайы жана кайра иштетүүгө, ар кандай түрдөгү продукцияны өндүрүүгө, тигүү тармагына, товарын экспортко алып чыккан ишканаларга жана аймактардын инфратүзүмүн жакшырта турган долбоорлорго артыкчылык каралган.